19/01/2026
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат
2025-жылы «Кыргызнефтегаз» ААК тарабынан өндүрүштүк, инвестициялык жана социалдык багыттар боюнча пландуу иштер аткарылды.
Өндүрүш көрсөткүчтөрү:
Мунай өндүрүү жыл жыйынтыгы менен 165 миң тонна өндүрүлдү.
Табигый газ өндүрүү 26млн 247 миң куб.метрди түздү.
Бургулоо иштери боюнча 54 500 погон метр аткарылды.
КПК мунай иштетүү заводун модернизациялоо:
КПКны модернизациялоо иштери Spec Engineering Inc. компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө. Проект башталгандан бери 167,6 млн АКШ доллары каржыланды. Анын ичинен 2025-жылы 118,3 млн АКШ доллары өздөштүрүлдү.
Сатып алуулар:
2025-жылдын 11 айында 83,3 млн сомго материалдар, жабдуулар жана кызматтар сатып алынды.
Капиталдык курулуш жана ремонт:
2025-жылы капиталдык курулуш иштерине 109,1 млн сом, капиталдык ремонт иштерине 38,8 млн сом багытталды. Иштердин алкагында өндүрүш объектилери, нефтепроводдор, насостук станциялар, резервуарлар жана административдик имараттар курулуп, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.
Инвестициялык ишмердүүлүк:
2025-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында инвестициялык форум өткөрүлүп, анын жыйынтыгында 7 компания менен кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол коюлду. Учурда чет өлкөлүк инвесторлор менен кызматташуу боюнча мыйзам чегинде иштер жүргүзүлүүдө.